Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 21.01.2014 18:53

Сокулук жана Аламүдүн райондорунда электр жарыгы жок болот

Turmush -  Эртең, 22-январда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Чүй областындагы электр тармактарынын профилактикалык иштерине байланыштуу облуска караштуу бир катар аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт.

«Түндүк электр» ААК басма сөз кызматы билдиргендей, Аламүдүн районуна караштуу Мраморное, Чоң-Таш, Восток, Лебединовка айылдарындагы Маяковского, Горького, Лермонтов, Восточная, Набережная көчөлөрүндө, Победы проспектисинде, Чоң Чүй каналынын кичи көчөсүндө, Ленинское айылындагы Коммунарская, Алма-Ата, Набережная көчөлөрүндө, Зелёный кичи көчөсүндө, Кырман конушунда, Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылынын дачаларында, Сокулук айылынын бир бөлүгүндөгү Биринчимай, 1-2 плотинасы, Сокулук суу сактагычында, Национальное, Панфилов айылдарында электр жарыгы жок болот.

Ошондой эле Чүй районундагы Калиновка, Шамши, Прогресс, 11-Жылга, Маданият айылдарында электр энергиясын берүү токтотулат.

Оңдоо иштери «Нижняя Ала-Арча», «Главная», «Лебединовка», «Ленина» трансфломатордук көмөкчордондордон тараган 6/10 кВ аба электр берүү чубалгыларында, ошондой эле «Нур», «Шамши» жана «Жаңы-Жер» трансформатордук көмөкчордондорунда жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×