Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Кара-Балта 18.02.2015 11:26

Кара-Балта шаарынын 2015-жылдагы бюджети 296 млн сом өлчөмүндө каралат

Turmush -  Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын 2015-жылдагы бюджети 296 млн сомду түзөт.

Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы Таалайбек Сүйүмбаевдин аймактык кабарчыга билдирген маалыматына ылайык, шаардык мэрия шаардын ушул жылдагы бюджетин 256 млн 199 миң сом өлчөмүндө түздү.

«Мындан тышкары бизде 40 млн сом өлчөмүндөгү эркин каражат бар. Муну менен депутаттардын тарабынан 296 млн сом өлчөмүндө бюджет каралат», - деди Т.Сүйүмбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×