Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 17.02.2015 16:07

Суусамырдын 17 жаштагы спортчусу чоңдор арасында өткөн эркин күрөш боюнча мелдеште 2-орунду камсыз кылып, спорт чебери наамын алды

Turmush -  Бишкек шаарындагы Спорт ордосунда 5-7-февралдарда эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Кыргызстан чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Жайыл районунун балдар спорттук мектебинин жетекчиси Нуржан Сүймөналиев аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, бул чемпионатка Суусамыр айылынын тургуну, балдар спорттук мектебинин тарбиячысы Бакберген Үсөнов финалга чыгып, 65 килограммдык салмакта 2-орунга ээ болду. Жаш спортчу Спорт чебери наамын алган. Жаш спортчунун машыктыруучусу Данияр Надырбеков да Суусамыр айылынын жашоочусу.

«Биргелешкен спорттук классификациянын абалы боюнча, Совет убагынан бери Кыргызстанда көптөн бери спорт чебери наамы алына элек болчу. Бир аз мурун эле өткөн жылдан баштап, Жайыл районунун 3 спортчусу күрөштүн ар кандай түрү боюнча бул наамдарды алышты. Алар Роман Ким грек-рим күрөшү боюнча, Аширбек Сардаров, эми Бакберген Үсөнов. Спортчу үчүн бул наам өтө эле бийик», - деп билдирди Н.Сүймөналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×