Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 17.02.2015 15:21

Жайылдын Сосновка айылындагы спорт мектебинин тарбиялануучусу А.Анарбеков эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде 1-орунду ээледи

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылынын спортчулары эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн эл аралык турнирде өздөрүнүн салмак даражаларында жеңүүчү болушту.

Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв мектебинде өткөн турнирге катышкан Жайыл райондук балдардын-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин тарбиялануучусу Адилет Анарбеков 69 кг салмак даражасында 1-орунду ээледи.

Ошондой эле, анын машыктыруучусу Бакыт Абдыразаковго чемпионду даярдагандыгы үчүн атайын эстелик байгеси берилди.

Жайыл райондук балдардын-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин директору Нуржан Сүймөналиев аймактык кабарчыга билдиргендей, аталган турнирге Орто Азиядагы республикалардан 600гө жакын өспүрүм катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×