Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 16.02.2015 12:44

Жайыл районунун фермерлерине лизинг аркылуу 4 млн сомдук МТЗ-82 үлгүсүндөгү 4 трактор берилген

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна 2014-жылы «Айыл чарбаcын өнүктүрүү — 2» долбоору боюнча «Айыл банк» ААКы 114,685 млн, «РСК Банкы» 27,42 млн, АКБ «Кыргызстан» 1,6 млн сом бөлүп берген. Бул тууралуу райадминистрациядан аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалыматка ылайык, мал чарбачылык боюнча 105,665 млн, өсүмдүк чарбачылыгы боюнча 28,235 млн, иштеп чыгарууга 28,9 млн, район боюнча 162,795 млн сом берилген. Ошондой эле, лизинг аркылуу 4 млн сомдук МТЗ-82 үлгүсүндөгү 4 трактор берилген.

Фермерлерге жазында Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фондунан товардык кредит аркылуу фермерлерге 26 тонна буудай, 9 тонна арпа үрөндөрү берилген. Мындан тышкары, аларга 691,9 тонналык минералдык жер семирткичти төмөнкү баа 15 сом менен сатылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×