Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуЖайыл району 16.02.2015 11:53

Өткөн жылы Жайыл районунда майда ишкерлик сферасында 215 жаңы иш орундары түзүлгөн

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунда 2014-жылы орто жана майда ишкерлик жаатында район боюнча 50 объект ишке берилип, 215 иш орду менен камсыздалган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, орто жана майда ишкерликтин өндүргөн продукциясынын көлөмү өткөн жылы 1378,7 сом болуп, өсүү темпи 98%ды түзгөн.

Салыштырма салмагы боюнча райондун товардык продукциясынын жалпы көлөмү аффинаждык өндүрүмдү кошпогондо 27,3%ды түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×