Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 07.02.2015 14:10

Жайыл районунда 2014-жылы 4 млн сом бөлүнгөн 26 объекттин курулушу баштала элек

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына ылайык, 2014-жылга карата Жайыл районунда 191 млн 728,0 миң сомдук 224 объекттин курулушу жана оңдоо иштери пландалган.

Жылдын жыйынтыгы менен 167 млн 324,2 миң сомду түзгөн пландагы 198 объекттин курулуш иштери башталганы белгилүү болду. Алардын ичинен 152 объект курулуп ишке берилди, ал эми калган 46 объекттин иши аягына чыга элек.

Ал эми, пландалган 224 объекттин ичинен 26 объекттин курулуш иштери  баштала элек. Бул объекттердин оңдоп-түзөөсүнө жана курулушуна бөлүнгөн сумма 4 млн 356,0 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×