Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусу, Кара-Балта 05.02.2015 11:31

Кара-Балтада шаарды өнүктүрүүгө арналган, Европа банкынын 5 млн евролук долбоору ишин баштай элек

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында, Европанын кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын «Кара-Балта шаарын таза суу менен камсыз кылууну жана канализация системасын өнүктүрүү» долбоору баштала элек, деп билдирди Turmush кабарчысы.

Берилген маалыматка таянсак, бул долбоордун баасы 5 миллион еврону түзөт.

Райондук администрация бул тууралуу, шаардагы «Электржылуусуу» өндүрүш жайынын Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине кире электигине байланыштуу болууда, деп билдиришти. Анткени, бул долбоордун башталышынын биринчи пункту эле.

Белгилей кетүүчү нерсе, КР өкмөтүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, финансы министрлиги менен Кара-Балта шаарынын ортосунда субкредиттик келишим 2013-жылдын 23-декбарында түзүлүп, ал 2 млн еврого бааланган.

Маалыматка ылайык, долбоордун биринчи бөлүгү ийгиликтүү аткарылса, анда долбоор андан ары өнүктүрүлүп, 56 млн евро бөлүнүп берилмекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×