Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу 02.02.2015 18:09

Чүй облусунда 2014-жылда тышкы экономикалык байланыштарды, соода иштерин жүгүртүү 568,1 млн долларды түздү

Turmush -  Чүй облусунда 2014-жылы сооданын жүгүртүлүшү, автомашиналарды, турмуш-тиричилик жана жеке пайдалануудагы буюмдарды ондоо кызматтары 51 млн 576 миң сом же 107,3%ды түзгөн. Бул тууралуу облустук коллегияда айтылды.

Ал эми юридикалык жана физикалык тараптар көрсөткөн акы төлөнүүчү кызматтардын көлөмү 2013-жылга салыштырмалуу 105,9%га көбөйүп, 7821,9 млн сомду түзгөн.

Чүй облусунда 2014-жылында тышкы экономикалык байланыштарды, соода иштерин жүгүртүү 568,1 млн АКШ долларын түзүп, экспорттук камсыздоонун көлөмү 2013-жылга салыштырганда 41,3% болуп көбөйгөн. Ал эми импорт түшүмү 0,7% азайган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×