Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуПанфилов району 30.01.2015 10:25

Панфилов районунда 2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу эт жана сүт азыктары көп өндүрүлгөн

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунда 2014-жылы 5 миң 403 тонна эт, 25 миң 540 тонна сүт, 6450 даана жумуртка жана 151 тонна жүн өндүрүлдү.

Бул тууралуу Панфилов районунун акиминин биринчи орун басары Дамир Давлетов, 28-январда райадминистрацияда өткөн коллегияда билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Акимдин биринчи орун басарынын маалыматында айтылгандай, жалпысынан район боюнча 2013-жылга салыштырмалуу эт 259 тоннага, сүт 453 тоннага, жумуртка 90 миң даанага, жүн 1 тоннага көбүрөөк өндүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×