Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 27.01.2015 16:53

Жайыл районунан эки спортчу бирмандык боксу боюнча Борбордук Азиялык тандоо турнирине катышат

Turmush -  Бишкек шаарында февраль айынын аягында, бирмандык боксу боюнча спорт чеберлери арасында Борбордук Азиялык тандоо мушташы өткөрүлүүсү пландалууда. Бул тууралуу КР бирмандык бокс федерациясынын президенти Каныбек Бикбоев билдирди.

Маалыматка ылайык, бул эл аралык турнирде 18 жаштан өйдө спортчулар катышышат.

«Турнир жалаң эл аралык эрежелер боюнча өткөрүлөт. Тактап айтканда, кызыктыруучу турнирде бокс колкабын, башына шлем, чыканакка, тизеге коргоочу каптарды кийишсе, бул турнирде кийбей мушташышат. Спорт чеберлери рингге шлемсиз, колдорунда медицина бинтин тагынып, бут кийимсиз, жылаңайлак чыгышат. Биздин спортчулардан башка, турнирге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркменистандан келген спорт чеберлери келет. Жалпысынан, 60 килограмдан баштап, 81 килограммга чейинки салмактык категорияда 7 мушташ көрсөтүлөт», - дейт Каныбек Бикбоев.

Борбордук Азия тандоо турнирине бирмандык бокс дүйнөлүк федерациясынын биринчи вице-президенти Денис Владимиров катышат. Ал Россиянын бирмандык бокс-федерациясынын президенти.

Алдыда боло турчу турнирде жеңген спортчулар, Россиянын борбору Москвада апрель айында боло турчу эл аралык чоң масштабдагы мелдешке катышышат. Дүйнөлүк федерация, Москвада чемпиондук кур үчүн титулдук мелдеш уюштурушат.

Бикбоевдин маалыматына караганда, тандоо турунда Жайыл районунан Бектур «Халид» Мангиев жана Бекболот «Скорпион» Дуванаев катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×