Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 26.01.2015 11:36

Кара-Балтада эркин күрөш боюнча окуучулар арасындагы эл аралык турнир аяктады (фото)

Turmush -  Чүйоблусунун Кара-Балта шаарында 22-январдан 24-январга чейинөткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнир аяктады, деп билдирди балдар спорт мектебинин директору Нуржан Сүймөналиев.
Турнирге Кыргызстандын бардык райондорунан жана Казакстан республикасы: Алма-Ата, Тараз, Шымкент, Кордай жана Луговыйдан келишкен жаш спортчулар катышышты. 2001-2008-жылы төрөлгөн жаш спортчулардын саны 400кө жетти.

«СССРдин спорт чебери Мырсабек Курманалиевге арналган 4-турнир болуп эсептелет. Турнирди өткөрүүгө расмий эмес түрдө лицензиябыз бар. Биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду алган жеңүүчүлөр Кыргызстандын чемпионатына, ал эми республикалык чемпионаттын жеңүүчүлөрү Азия жана дүйнөлүк чемпионатка катышышат. Бул турнир башталгыч жана тандоочу турнир болгондуктан, бизге жалаң гана күчтүү спортчулар келишкен», - деп билдирди Н.Сүймөналиев.

Маалыматка ылайык, турнирдин уюштуруучулары, мурдагы спортчулар жана Мырсабек Курманалиевдин окуучулары. Мелдеште 11 салмактык категория көрсөтүлгөн. Ал эми дүйнөлүк жана Азия чемпионатында 10 салмактык категория бар.Эгер жаш спортчулардын салмагы аз, бирок техникасы мыкты болсо, аларды КРнын курамына кошумча салмактык категорияга кошула алат.

Бир салмактык категориядагы жеңүүчүлөр 1500, 1000, 500 сомдук сыйлыктарга ээ болушуп, кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Кара-Балта шаардык кеңеши, мыкты техникасын көрсөткөн спортчуларга жылыткыч, үтүк жана электр чайниктерин беришти. Мындан сырткары, спорт чеберинин тууганы Бакыт Курманалиев, жеңүүчүлөргө телевизор жана гравировкаланган кубокторду тапшырды.

3

4

5

6

7

8

12

911

12

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×