Москва районунда кызыктыруучу кичи-футболдун биринчи чемпионаты болуп өттү
Берилген маалыматка таянсак, лигага 18 команда кирген, анын ичинен кээ бир командалар кайра топтолгондор. Чемпионаттын жүрүшүндө бардык катышуучулар эки топко бөлүнүшкөн.
Бирнчи топто: ардагерлер тобу, «Троян» фирмасы, Александров айыл өкөмөтү, Беловодск айылынын шекер завод районунан «Остров», Ак-Торпок айылы, «Живпром», Чичерин айылы, өрткө каршы бөлүмү, «Кыргыз-Банк» бар.
Экинчи топко: Петров айыл өкмөтү, Кош-Дөбө айылы, шекер заводу, «Бастион» күзөт агенттиги, «Мураке» К.Маркс айыл өкмөтү, Беловодск айылынын «Искендер» базары кирген.
Оюндун ар жумада бирден туру белгиленип, учурда бешинчи тур өтүп жатат.
Лидерлер эми эле анык болуп, эң алдыда «Троян» фирмасы, экинчи катарда Сретен айылынын футболчулары келе жатат. Буга чейинки өткөрүлгөн оюнда бул командалар такыр эле утулган эмес.
Лига, балдар спорттук мектебинин администрациясынын колдоосу менен, Айбек Бокоев жана Санжарек Калдаров тарабынан уюштурулган.
«Кызыктыруучу чемпионаты, эми салт катары жылыга болуп турмакчы. Кышкы оюндар аяктагандан кийин, жайкы оюн уюштурулат», - дейт С.Калдаров.