Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 20.01.2015 13:25

«Түндүк электрдин» Жайыл районундагы филиалын жетектеген Б.Абданбек уулу ээлеген кызматынан кетти

Turmush -  Жайыл райондук электр станциясынын жетекчиси Белек Абданбек уулу өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды.

Б.Абданбек уулу башка кызматка которулгандыгына байланыштуу 14-январдан баштап РЭС жетекчилигинен кеткендигин билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

«Учурда Бишкек шаарына башка жумушка которулдум. Учурдагы жумушум электр системасы менен байланыштуу эмес, мамлекеттик ишкана», - деди Б.Абданбек уулу.

Учурда «Түндүк электр» ААКтын филиалынын жаңы жетекчиси болуп ким дайындала тургандыгы белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×