Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 19.01.2015 10:51

Панфилов районунун Вознесеновка айылында «Ынтымак» спорттук клубу ачылды

Turmush -  Чүй облусундагы Панфилов районунун Вознесеновка айылында 17-январда жаштардын жана жергиликтүү депутаттардын колдоосу менен «Ынтымак» спорттук клубунун ачылышы өттү. Бул боюнча Turmushбасылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 10-ноябрында бул мекемени оңдоп-түзөө үчүн марафон өткөрүлүп, тургундар 60 миң сом топтоп беришкен. Ошондой эле, демөөрчү катары саясий партиялар, коомдук бирикмелер жана коомдук фонддор салым кошту.

Жаңы ачылган спорт клубунда бокс, эркин күрөш, аркан тартышуу жана гиря көтөрүү боюнча машыгуулар өткөрүлөт.

«Бүгүнкү күндө эркин күрөш боюнча машыгууларга кичи топто 28 бала, чоңдордун тобунда 40 өспүрүм катышып жатат. Машыгууга Вознесеновка айылынан гана эмес, Панфилов районунун Эркин-Сай, Партсъезд жана башка айылдарынан да келип жатышат», - деди спорт клубунун демилгечилеринин бири Мирлан Каркеев.

Клубдун ачылыш салтанатына Панфилов районунун акими Өмүрбек Ногоев катышты. Ал балдарга жана машыктыруучуларга баштаган ишине ийгилик каалады.

Спорт залдын ачылышында спорт оюндарынын биринчи мелдеши өткөрүлүп, Бишкек шаарынан келген ырчылардын концерттик номурлары тартууланды.

Машыктыруучулар эми, кыздар үчүн да жеңил атлетика, гимнастика, волейбол жана башка оюндар боюнча спорттук ийримдерди уюштурууну пландап жатат.

Айылдык кеңештин мурдагы жетекчиси Тургунбек Аманкуловдун айтымында, спорт клубунун ордунда мурда маданият үйү салынган. Китепкана, кинотеатр жана спорт залы бар болчу. Ал СССР тарагандан кийин жабылган.

Терезе, эшиктерин, полдогу тактайларын чыгарып кетип, жарактан чыгарып салышкан. 4,5 жыл мурун жергиликтүү тургундар жана депутаттар, Панфилов районунун жетекчилери имараттын бош жаткан эки кабаттуу бир тарабына спорт клубун ачышкан, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×