Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуМосква району 15.01.2015 12:34

Москва районунда шахмат боюнча мектеп окуучуларынын спартакиадасы өттү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда кечээ, 14-январда шахмат оюну боюнча мектеп окуучуларынын спартакиадасы өттү. Бул боюнча Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, шахматтык турнирге райондон келген 16 мектеп катышты. Ар бир командада бирден кыз жана экиден бала ойноду.

Биринчи орунду №1 Ак-Суу орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн команда: Дүйшөнбек Алмазбеков, Азамат Сапарбаев жана Роза Каримовалар алышты.

«Райондун жеңичүүлөрү эми облусттук мектеп спарткиадасына катышышат», - деп билдирди райондун шахмат клубунун башчысы жана турнирдин уюштуруучусу Евгений Енгалычев.
Алардын катарында Сретен орто мектебинин окуучулары, жергиликтүү жылдыздар, бир тууган Таалайбек жана Сагыныч Жайнаковдор бар. Алар шахмат турниринде, курамында кыздын жок болгонуна байланыштуу, 3-орунду алышкан.

29

30

31

32

33

34

35

36

37

38

39

40

41

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×