Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 13.01.2015 13:10

Жайыл районунун мектеп окуучулары арасында райондук спартакиаданын алкагында шахмат боюнча биринчилик өттү

Turmush -  Кара-Балта шаарында, Жайыл районунун мектеп окуучуларынын арасында шахмат боюнча райондук спартакиадасынын алкагында шахмат боюнча биринчилик өттү. Бул боюнча Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Бул спартакиада Жайыл районунун балдар спорттук меткебинин планы боюнча өткөрүлүп, мелдеш башкы машыктыруучу Козубай Шеркозоев тарабынан жетектелди. Балдар спорттук мектебинин директору Нуржан Сүймөналиевдин сөзүнө караганда, бул оюнга 8 команда катышып, кийинки катышуучулар жеңүүчү аталышты:

Балдар арасында:
1-орун Ново-Николаевка айылынын мектеп-гимназиясынан Дурсунбай уулу Шумкар;
2-орун Кара-Балта шаарынын №6 мектеп-гимназиясынан Ибраев Адилет;
3-орун Кара-Балта шаарынын №10 мектеп лицейинен Сабырбеков Эрдос.

Кыздар арасында:

1- орун Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинен Комарова Анна;
2-орун Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинен Назарбекова Айзада;
3-орун Кара-Балта шаарынын №2 орто мектебинен Амангелди кызы Ырыс.

Жеңичүүлөр диплом жана медалдар менен сыйланды. Алар 2015-жылы март айында Чүй облусунунда өтүүчү облусттук мектептер аралык спартакиадасына катышышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×