Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуМосква району 13.01.2015 10:24

Москва районунда балдар спорттук мектебинин базасында гандбол оюну боюнча ачык биринчилик өткөрүлдү

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда балдар спорттук мектебинин базасында гандбол оюну боюнча ачык биринчилик өткөрүлдү.

Турнирге Бишкек шаарынан, Ысык-Көл облусунан жана Москва районунан келген жаштардын жана ардагерлердин командалары катышты.

Жалпысынан 3 матчтан турган оюн өтүп, Мосвка районунун гандболисттери жеңишке жетишишти.

«Мыкты чабуулчу» намына жана кубогуна Беловодск айылынан келген Александр Лукаш, «Мыты дарбазачы» наамына жана кубогуна Ысык-Көлдөн келген конок Кубан Касымбеков, «Мыкты коргоочу» наамына жана кубогуна Ысык-Көлдөн келген Турат Абыкеев ээ болду.

Сыйлыктарды Кыргызстандын гандбол Федерациясынын башчысы, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Максат Сабиров жана Москва районунун акими Таалай Иманкулов тапшырды.

Алар бардык оюндун катышуучуларына ийгилик каалап кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×