Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуМосква району 12.01.2015 17:46

Москва районунун орто окуу жайларында балдар спорт мектеби тарабынан спорттук секциялар жүргүзүлөт

Turmush -  Чүй облусундагы Москва районунун орто окуу жайларында балдар спорттук мектеби тарабынан спорттук секциялар жүргүзүлөт.

Беловодское айылынын мектептеринде 3 секция жүргүзүлөт: №2 орто мектебинде Василина Чеботарева гандбол оюну боюнча, Бакиров атындагы орто мектебинде тогуз коргоол боюнча Акмат Кенжеев жана Жапаров атындагы орто мектебинде ордо оюну боюнча Сабыр Куллманов сабак берет.

Төлөк орто мектебинде эркин күрөш боюнча машыгууларды Төлөгөн Казакбаев, Замир Сариев жүргүзүшөт. №3 Александров мектебинде стол тенниси боюнча сабактарды Исхар Арлиза өткөрөт.

Футбол секциясы боюнча эки мектепте: Ак-Суу орто мектебинде футболду машыктыруучу Антай Абдулдаев, Мураке айылында болсо машыктыруучу Эмиль Эсеналиев жүргүзөт.

Мындан тышкары, воллейбол оюну боюнча эки мектепте сабактар өткөрүлөт: Петров комплекс гимназия орто мектебинде Василий Воронин жана Виктор Яковлев машыктыруучулары, ал эми Биринчи май орто мектебинде Александра Донецкова башында турган машыктыруучулар машыктырышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×