Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуЖайыл району 12.01.2015 14:09

Жайыл районунда дүң соода сатуучулары сүттү арзан баада алышууда, бирок сыр, май, быштактын баасы жогорулап жатат

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунда дүң соода сатуучулары сүткө болгон бааны төмөндөтүшкөн. Бүгүнкү күндө калктан сүттү жаңы арзан баада сатып алышууда.

Мисалга алсак, Кара-Балта шаарында сүттүн литрине болгон баа 18-19 сомду түзүүдө. Ал эми башка аймактардан, ал жердин алыстыгына карата сүттүн баасы төмөндөп келет. Мисалы, сүттү ала турчу жайлар канчалык алыс болсо, ошончолук арзан баада өткөрүлөт.

Фермерлердин сөзүнө караганда, кыш мезгилинде сүттү дүңүнөн сатуу баасы 22 сом болгон.

«Сүт сатып алуучулар май, сыр чыгаруучу заводдору сүттү арзанга баалап жатышканын айтышат. Сүттү иштеп чыгуучу заводдор бааны 2 сомго чейин, ортодогу алып сатарлар 4 сомго чейин түшүрүшкөн. Учурда кызыктай абалда калдык, жаңы жылга карата заводдор 3-4 күн иштебей, калктын сүтү топтолгон болчу. Анан көп өтпөй эле биз сүттүн арзандашы боюнча кабар уктук. Сүт бат бузлуучу продукция болгондугу үчүн, биз көп чыгымга учурайбыз да. Ошондуктан биз бул жаңы шартка көнүүгө аргасыз болуп калдык. Бирок, баарынан таң калычтуусу сүттүн арзандаганына карабастан сыр, май, быштакка болгон баа тескерисинче жогорулап жатат. Бул учурда калк эле чыгымга учурайт», - дейт жергликтүү фермер Асыр Азылов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×