Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.01.2015 11:11

Кара-Балта шаарында мектеп окуучулары арасында эркин күрөш боюнча 4-Эл Аралык турнир өткөрүлөт

Turmush -  Жайыл райондук балдар спорттук мектебинин директору Нуржан Суймөналиевдин билдиргенине караганда, 22-январдан 24- январга чейин СССРдин спорт чебери Курманалиев Мырсабек Салкаровичтин атына арналган турнир өткөрүлөт.

Белгилүү спорт чеберине арналган турнир М.С. Курманалевдин туулган күнүнө арналат. Ал 1954-жылы 25-декабрда туулган.

«Бул мелдеште өлкөнүн баардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген спортчулардын саны 200дү чамалайт. Турнир жаш курагы боюнча экиге бөлүнүп, 15 салмактык категорияга бөлүнөт»,- деп билдирди Н. Суймөналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×