Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.01.2015 10:57

Кара-Балта шаарына тажрыйба алмашуу үчүн Казакстандан 20 спортчу келет

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Кожомкул» спорт комплексинин базасында 10-январдан 21-январга чейин эркин күрөш боюнча окуу-машыктыруучу чогулуш өткөрүлөт. Ага Казакстандын Алма-Ата шаарынан 20 спортчу жана машыктыруучу катышат. Чогулуштун башкы максаты жаш спортчулар арасында тажрыйба алмашуу болуп эсептелинет.

«Бул алгач жаш спортчуларды Эл аралык деңгэээлдеги турнирлерге даярдоо болуп эсепетлинет. Акыркы убакта жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө турнирге чыгуу үчүн каражаттар жок, ал эми тажрыйба алмашуу керек. Казакстандык спортчулар дайыма эле келе беришпейт, бизде мындай мүмкүнчүлүк жок», — деп билдирди Кара-Балта шаарынын өспүрүм балдар мектебинин директору Нуржан Сүймөналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×