Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.01.2015 13:25

Кара-Балта шаарында грек-рим күрөшү боюнча ачык биринчилик өттү (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Кожомкул» атындагы балдар спорт мектебинде 5-январда турнир өттү, ага 1999-2002-жылдары туулган жаш 100 бала катышты. Катышуучулар катары Кара-Балта шаарынын, Жайыл районунун Ставраполовка, Суусамыр айылдарынан спортчулар келишти. Коңшу райондордон Сокулук жана Александровка айылдарынан спортчулар келишти.

Мелдеш 12 салмактык категория боюнча өткөрүлдү. Мелдештердин жыйынтыгы боюнча биринчи командалык орунду Кара-Балта шаарынын спортчулары алышты. Алар 7 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медалдарга ээ болушту.

Экинчи орунга Сокулук районунан келген спортчулар ээ болушту. Мелдешти «Манас» спорт комплексинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу Игорь Коваленко уюштурду.

39

40

41

42

43

44

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×