Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 06.01.2015 10:10

Жайыл районунда айыл өкмөттөрдөн 19 тайпа катышкан көк бөрү оюну болуп өттү (фото)

Turmush -  Жайыл районунун ат майданында 28-декабрда көк–бөрү боюнча райондук мелдеш болуп өттү. Мелдешке 19 тайпа катышты, деп билдирди Жайыл районунун балдар спорттук мектебинин директору Нуржан Сүймөналиев.

Анын айтымында, ар бир тайпада 5тен 8 кишиге чейин болду. Оюндун жүрүшүндө 2 миңдин тегерегиндеги адам отуруп көрүштү. Оюндун аягында биринчи орунду Суусамырдан келген тайпа багындырып, 15 миң сомдук жеңишке ээ болду. Экинчи орунду Жон-Арык айылынын катышуучулары алышып, 10 миң сомдук белекке ээ болушту. Үчүнчү орунду Ак-Башат айыл өкмөтүнүн жигиттери илип кетишип, 5 миң сомдук акчалай белек мене сыйланышты. Жайыл районунда Жаңы жыл алдында бул мелдеш биринчи жолу өткөрүлүп отурат. Мелдештин соңунда райондун акими бул оюндун популярдуулугун баалап, жыл сайын өткөрө турганын белигилеп кетти.

Н.Сүймөналиевдин билдиргенине караганда, көк-бөрү же улак тартыш – байыртан берки келе жаткан кыргыздын улуттук оюндарынын бири. Мурдагы убактарда камчы менен чаап, же кандайдыр бир физикалык оору келтирсе, азыркы убакта эрежелер өзгөрүп, жумшак болуп калган. А бир тайпа 10 чабандестен турат, бирок талаада 4 гана адам ойнойт. Оюн узундугу 200 чарчы, туурасы 80 чарчы болгон талаада ойнолот. Капталдарында 3,5 диаметр болгон, бийиктиги 1,5 чарчылык дарбазала орнотулган. Улактын ордуна жөн эле анын терсиси колдонулат. Тайпалар эки оюн көрсөтүшөт, убакыт 20 мүнөткө бөлүнгөн. Бирок ошол эле учурда 30 килограмдык салмактагы терини кармап жүрүп чарчап калышат. Көк-бөрү бул байыркы оюн, түрк элдеринин арасында белгилүү болуп саналат. Бул оюнду жаан жаап же күн тийип турганынв карабастан ойношот. Бул оюнда жалаң күчтүү, туруктуу жана оюнга берилген жигииттер ойногондугу үчүн оюнга көңүл кош карап тура албайсың.

100_2223

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×