Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.01.2015 09:53

Фото - Кара-Балтада 115 жыл мурун курулган балдар спорт мектеби капиталдык оңдоого муктаж

Turmush -  Кара-Балта шаарында 115 жыл мурун курулган балдар спорт мектеби жарым кылымдан бери оңдолбой келет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган спорт мектеби 1900-жылы курулуп, XIX кылымдын аягы XX кылымдын соңунан сакталып калган сейрек курулуштардын бири. Бул социалдык курулуш атайын спорт менен машыгуу үчүн салынып, бүгүнкү күндө Кожомкул Каба уулунун атын алып жүрөт. Анда эл аралык мелдештер өткөрүлүп, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, шахмат боюнча Жайыл районунан жүздөгөн балдар катышышат.

Аны менен катар, учурда спорт мектебинин чатыры, дубалдары урап, күрөш залы менен жуунучу жайы авариялык абалда.

Балдар спорт мектебинин директору Нуржан Сүймөналиев билдиргендей, мекеменин жамаааты жыл сайын косметикалык оңдоп-түзөөлөрдү жүргүзүп келет.

«Бирок бул жетишсиз. Бул жайды калыбына келтирүү үчүн 3-4 млн сом талап кылынат. Мында 40-50 жылдан бери капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес. Бул жерди физикалык маданиятты өнүктүрүүчү жайы катары сактап калсак болмок», - дейт Н.Сүймөналиев.

Маалым болгондой, мындан 1,5-2 жыл мурун спорт мектебинин жетекчилиги Кара-Балта шаардык кеңешине кайрылып, имартты оңдоону шаардын бюджетине киргизүүнү сунушташкан. Бирок ал боюча чечим чыгарылган эмес.

Белгилей кетсек, аталган балдар спор мектеби Кара-Балта шаарынын балансына караштуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×