Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.01.2015 12:14

Кара-Балтада өспүрүмдөр грек-рим күрөшү боюнча мэриянын сыйлыгына ат салышышат

Turmush -  Кара-Балта шаарында өспүрүмдөр грек-рим күрөшү боюнча мэриянын сыйлыгына ат салышышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

«Манас» спорт комплексинин машыктыруучусу Игорь Коваленко маалымдагандай, мелдешке 70 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Мелдеш Кожомкул атындагы балдар спорт мектебинде өтөт.

«Бул жыл сайын өтүүчү биринчилик Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан каржыланат. Биз Чүй облусунун бардык аймактарынан спортчуларды чакырганбыз. Жаңы баштап жаткан спортчулар үчүн бул мелдеш чоң мааниге ээ. Башка аймактардан келген каршылаштары менен беттешүү алар үчүн эң зарыл тажрыйба», - дейт Игорь Коваленко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×