Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.12.2014 13:03

Кара-Балта шаарында Афганистанга аскерлердин киришинин 35 жылдыгына карата волейболдук мелдеш өттү

Turmush -  Кара-Балта шаарында кечээ, 26-декабрда №3 орто мектебинин базасында ардагерлердин жана мектеп окуучуларынын арасында волейбол боюнча турнир өттү.

Жалпысынан мелдешке 6 команда катышты. Турнир Жайыл районундагы «Мекен» аскердик-патриоттук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.

«Бул жылы биздин жаш балдар Афганистанга согушка баргандыгына 35 жыл болот. Бул согушта Жайыл районунун үч жашоочусу каза болгон. Жаш муундар согушка барган адамдарды билиши керек», - дейт «Мекен» аскердик-патриоттук бирикмесинин төрагасы Алик Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×