Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 22.12.2014 17:01

Кара-Балта шаарынын мэри Д.Шабданов чиновниктер арасында бильярд боюнча өткөн чемпионатта 1-орунду камсыз кылды

Turmush -  Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов Жайыл районундагы аткаминерлер арасында бильярд боюнча өткөн чемпионатта 1-орунду камсыз кылды.

Маалыматка ылайык, жаңы жыл алдындагы бул спорттук мелдеш 21-декабрда өткөн. Ага Кара-Балта шаарынын жана Жайыл районунун жетекчилеринин арасындагы 12 спортчу катышты.

Мелдештин жеңүүчүсү болуп ардагер-бильрдчы, Кара-Балта шаарынын Данияр Шабданов болду, 2-орунду Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Бектурган Оторбаев жана 3-орунга райондук кеңештин мурдагы төрагасы Нурадил Жумабаев утуп алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×