Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 22.12.2014 12:01

Жайыл районунда эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде нарындыктар биринчи орунду камсыз кылышты (фото)

Turmush -  Жайыл районунда 18-20-декабрь күндөрү балдар спорт мектебинде 1997-2001-жылы туулган өспүрүмдөр арасында СССРдин спорт чебери Саринжи Сарбагышевдин элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык турнир болуп өттү.

Аталган мектептин директору Нуржан Сүймөналиевдин айтымында, С.Сарбагышев Жайылского районунда туулган жана ал көп жылдар боюнча эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген.

Мелдешке республиканын 25 спорт клубунан келген 450дөн ашык спортчу катышты. Таймаш 12 категория боюнча өтүп, финалдык оюн эки күн: 19-декабрда 6 команда ойноп, калган 6 команда 20-декабрда ойноду.

Жыйынтыгында нарындык спортчулар жеңүүчү деп табылды. Алар байгелүү орундардын саны боюнча алдыда болушту.

А 1

А 2

А 3

А 4

А 5

А 6

А 7

А 8

А 9

А 10

А 11

А 12

А 13

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×