Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 20.12.2014 16:11

Кара-Балтада эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында республикалык турнир өтүүдө

Turmush -  Кара-Балта шаарында эркин күрөш боюнча 1997-2003-жылкы өспүрүмдөр арасында республикалык турнир өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, 19-20-декабрда өтүүчү турниге Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан жалпысынан 420 спортчу катышып, мелдеш 2 залда өтүүдө.

Белгилүү болгондой, жеңүүчүлөр эстеликке белектер жана диплом менен сыйланат.

Белгилей кетсек, мелдешти эркин күрөш боюнча Жайыл районундагы алгачкы машыктыруучу Саринжы Сарбагыловдун (1942-1985-жж.) жаркын элесине арнап, жубайы уюштурууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×